"Үч чоку" долбоору. "Кыргыз Куршевелин" ким курат?
Февраль айында Ысык-Көлдөгү үч чокуну бириктирген лыжа базаны куруучу компанияны аныктоо үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Буга чейин базаны курууга франциялык компания кызыгып жатканы айтылган. Жапаров соңку билдирүүсүндө ал компания тууралуу үн каткан жок.