“Сосновка” жана “Арал” постторунда убактылуу чектөө киргизилди
Бүгүн 22-январда Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 06:20дан, ал эми Токтогул районунун “Арал” постунда саат 06:30дан тартып оор жүк ташуучу унаанын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Мындай чечим Бишкек–Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынганы белгиленди.
Синоптиктер 22-23-январда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаай турганын билдирген. Маалыматка караганда, абанын температурасы төмөндөйт. 23-24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -15…-20 градустан, тоолуу аймактарда -30…-35 градуска чейин суук болот. (КЕ)