Пашинян менен Путин ЕАЭБдеги кызматташтыкты, эки өлкөнүн алакасын телефондон талкуулашты
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефондон Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. Ереван тарап тараткан маалыматка караганда, лидерлер Армениянын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалыгынын жыйынтыгын, бул аймактык уюмдун алкагындагы пландарды жана эки өлкөнүн алакасына байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.
Москва тарап өз кезегинде телефондук сүйлөшүү армян тараптын демилгеси менен болгонун белгиледи. Андан тышкары интеграциялык кызматташтык, анын ичинде энергетикалык байланыштар талкууланганы Кремлдин билдирүүсүндө жазылган. Ошондой эле Москва маалымдагандай, Пашинян Еревандын Евробиримдикке кошулуу үчүн жасаган соңку кадамдарын түшүндүрүп, ал эми Путин ага өз пикирин билдирип, баасын берген. Бирок анын чоо-жайы айтылган жок.
2024-жылы Армения Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылган. Быйыл январда бул милдет Беларуска өттү. Өткөн жумада армян өкмөтү өлкөнүн Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.
Москва буга дароо реакция жасап, Армения ЕАЭБге, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө экенин эскерткен.
Алты экс-советтик мамлекет – Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон ЖККУдагы ишмердигин токтоторун Ереван буга чейин билдирген. Буга Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак жикчил түзүмүнүн айынан болгон куралдуу кагылыш түрткү болгон.