CPJ Кыргызстанда сөз эркиндигинин "жагдайы жакшы эмес" деп баалады
Журналисттерди коргоо комитетинин (The Committee to Protect Journalists - CPJ) 16-январда жарыяланган сөз эркиндигин абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жагдай жакшы эместиги белгиленген.
Документте "Постсоветтик Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы боюнча башкаларга үлгү болуп келген Кыргызстан авторитаризмге жакындоону улантып жатканы" жазылган.
Мисал катары уюм Temirov Live иликтөө долбоорунун кызматкерлерине козголгон кылмыш иштерин келтирген. Алардын экөө Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков былтыр октябрь айында алты жана беш жарым жылга абакка кесилген.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин былтыр жыл соңунда бир нече ирет кайталап, журналисттерди маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болууга чакырган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев дагы Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп белгилет. "Кыргызстанда журналисттерге толук эркиндик бар. Эмнени жазса жаза берсин. Бирок Кыргызстанга бүлүк салбашы керек", - деген ал парламентте туруп.
Журналисттерди коргоо комитети ошондой эле Кыргызстанда Орусияныкына окшош "чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышын жана "Клооп" басылмасынын жабылышын сынга алган.
Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан Тажикстанда сегиз журналист эркинен ажыратылганы белгиленген. Алардын көбү жабык өткөн сот жараяндарында "экстремизмге" күнөөлүү деп табылган.
Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына караганда, 2024-жылдын 1-декабрына карата дүйнөдө 360 журналист темир тор артында отурат. Алардын көбү Кытай, Израил, Мьянма, Беларус жана Орусияда камалган.