ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Мектептерге кыргыз тилинен көчүрүү экзамендери киргизилет

0
Быйылтан тартып Кыргызстанда мектептердин менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан милдеттүү түрдө кыргыз тилинен көчүрүү экзамендерин тапшыруу киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Ага ылайык, көчүрүү экзамендери баскыч-баскыч менен киргизилет жана быйылкы окуу жылынын аягында 5-6-класстын окуучуларынан башталат.


“2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгында менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска) экзамендерин тапшырышат. Экзамендерди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурат”,-деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.




Көчүрүү экзамени 3 субтесттен турат: лексика-грамматика, окуп-түшүнүү жана жазуу. Окуучулар үчүн алдын ала сынамык тесттер болот.


Кыргызстанда кыргыз тилин колдонуу жана өнүктүрүүдөгү бир катар көйгөйлөр бар экени айтылып келет.


2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.