ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Түркияда жасалма аракка ууланган борборазиялыктар арасында каза болгондор бар экени кабарланды

0
Стамбулда Түркмөнстандын үч жараны жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып каза болду. Түркмөнстандын дагы эки жараны спирт ичимдиктерин колго жасаган шек менен кармалды. "Азаттыктын" түркмөн кызматы 14-январда Стамбулдун ооруканаларына ууланган ондогон борборазиялык жаран жаткырылганын жазды.


Түркиянын haber7 басылмасы жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып 19 адам каза болгонун, дагы 40ка жакын адам ооруканага түшкөнүн билдирди.


14-январда Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугу Telegram каналында билдирүү таратты. Андагы маалыматка караганда, жасалма алкоголдук ичимдикке ууланган кеминде 38 киши ооруканага жаткырылып, алардын 11и каза болду. Консулдук уулангандардын канчасы өзбек жараны экенин тактаган жок.


Түркмөнстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү үч адамдын өлүмү жана эки жаран кармалганы тууралуу маалыматка расмий комментарий бере элек.




Түркиялык басылмалардын маалыматына караганда, түрк полициясы Түркмөнстандын эки жаранын "үй шартында алкоголдук ичимдик жасап, таратып жүргөн" деген шек менен кармады. Медиадагы макалаларда тинтүү учурунда алардын үйүнөн 50 литр жасалма алкоголдук ичимдик, баңгизат, дары-дармек жана жалган миграциялык документтер табылганы жазылган. Полиция териштирүү жүргүзүп жатат.


"Азаттыктын" түркмөн кызматы ички булактарына таянып жазгандай, ууланып каза тапкандар мындан көп болушу мүмкүн.


Полиция жасалма алкоголдук ичимдиктер күркөлөрдө сатылганын, Стамбулдун күч кызматкерлери жасалма арак-шарап саткан 63 соода түйүнүн жапканын билдирди.


2020-жылдын март айында да Түркияда жасалма аракка ууланып ондогон түркмөн жараны каза болгон. Анда Стамбулда Түркмөнстандын кеминде 53 жараны каза тапканы кабарланган. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын булактары түркмөн мигранттары коронавирустан коргонуу үчүн жасалма арак ичкенин айтып беришкен. (AiA)