ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Бельгияда пенсия реформасына каршы жалпы улуттук иш таштоо өтүп жатат

0
Бельгияда пенсия реформасына каршы жалпы улуттук иш таштоо жүрүп жатат. "Рейтер" маалымдагандай, дүйшөмбүдө аба, темир жол жана кара жол байланышы кыйындады. Кесиптик кошуундар бийлик талкуулап жаткан реформадан чочулап, демонстрацияларга чакырган. Өкмөт сунуш кылынган өзгөртүүлөргө ылайык пенсиялардан үч миллиард евро үнөмдөөнү көздөп жатат.


Акцияларга темир жол, аэропорт, авикомпания, коомдук транспорт, билим берүү кызматкерлери кошулду.


Маалыматка караганда, демонстрацияларга он миңдеген мугалим кошулууну көздөп жатат. Кээ бир региондордо мектептер убактылуу жабылды. Почтанын, абактардын, таштандыларды жыйноо жана кайрап иштеп чыгуу кызматтарынын иши үзгүлтүккө учурашы ыктымал.


Былтыр июнда өткөн парламенттик шайлоодон кийин беш саясий партиянын өкмөт түзүү аракетинен майнап чыкпай келатат. Алар пенсия реформасы жана мамлекеттик каржылоо маселесинде мунаса таба албай жатат.