ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкектеги өкмөттүк шаарчаны “Кыргызстройсервис” курат

0
Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы Бишкекке курула турган өкмөттүк шаарчанын башкы подрядчысы болуп бекитилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-январда кол койгон.


Ага ылайык, Президенттин иш башкармалыгына административдик имараттарды куруунун долбоорун иштеп чыгуу, Финансы министрлигине каражат таап берүү тапшырмасы берилди.


Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин “Ынтымак Ордо” деп аталган президенттин администрациясынын маңдайына 19 имараттан турган өкмөттүк шаарча куруларын айткан. Ар бир имарат тогуз кабаттан туруп, ар бир кабатында өзүнчө мамлекеттик орган жайгашат деп пландалууда.




Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна “Ынтымак Ордонун” курулушу 2022-жылы башталып, 2024-жылы август айында аяктаган.



Башында администрациялык имаратты курган ишканага Бишкектен 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган. Кийин бул имаратты сала турган “Иншаат строй билдинг” компаниясына 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.



“Азаттык” стратегиялык имаратты салып жаткан компаниянын жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.


Каныбек Туманбаев былтыр 11-октябрда имараттын курулушунун жүрүшү тууралуу Фейсбукта маалымат берген. Анда алгач имараттын аянты 17 миң метр деп пландалса, кийин 39 миң чарчы метрге кеңейтилгени үчүн куруучу компанияга берилчү жер чоңойгонун түшүндүргөн. (BTo)