ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Статком былтыр ички дүң өнүм 1,5 триллион сомдон ашканын билдирди

0
Улуттук статистика комитети 2024-жылдын январь-декабрь айларындагы алдын ала баалоо боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 1,5 триллион сомдон ашып, 9% өскөнүн билдирди.


Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров 2030-жылга карата ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү максатын ишке ашыруу үчүн ИДӨнүн жылдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарыл экенин айткан.




Быйылкы жылы республикалык бюджеттин кирешеси 430 миллиард 244,6 млн сом, чыгашасы 405 миллиард 946,7 миллион сом болот.


ИДӨ - бул өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. (BTo)