ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Медиа: Тараптар Газада ок атууну токтотуу келишимине жакындады

0
Арачылар Газадагы согушту токтотуу боюнча келишимдин соңку долбоорун Израил жана АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна тапшырганын жараяндан кабары бар расмий өкүл "Рейтер" агенттигине билдирди.


Маалыматка караганда, дүйшөмбүгө караган түнү АКШнын президенти Жо Байден жана жаңы шайланган президент Дональд Трамптын чабармандары катышкан сүйлөшүүлөр олуттуу жыйынтыкка жакындатты.


Ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу жөнүндөгү келишимдин тексти Катар тарабынан даярдалган.


Израилдин “Кан” радиосу израилдик расмий адамга шилтеме жасап, эки тараптын тең делегациялары долбоорду алганын маалымдады.


"Рейтер" Израил, ХАМАС жана Катардын Тышкы иштер министрлиги маалыматты бышыктоо өтүнүчүнө жооп бере электигин белгиледи.


Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан CNN телеканалына интервью берип, сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени тууралуу маалыматты бышыктады. Анын айтымында, азыркы администрация акыркы күндөрдө мунаса табууга жигердүү аракет көрүүдө, Трамптын 20-январда өтүүчү инаугурациясына чейин келишим түзүлүп калышы мүмкүн.


Долбоордун чоо-жайы азырынча белгисиз.


Буга чейин сүйлөшүүлөрдө барымтадагыларды баскыч-баскыч менен бошотуу, ок атууну токтотуу режимин орнотуу, израилдик аскерлердин буфердик аймактардан тышкары тилкеден чыгып кетүүсү жөнүндө талкууланганы кабарланган.


ХАМАС башкарган анклавдын саламаттык сактоо мекемеси 13-январда согуш башталгандан бери 46,584 палестиналык каза болгонун билдирди.


2023-жылы 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери тилкенин аймагынан Израилге кол салганда, 1200 киши өлгөн, 250дөй кишини жоочулар туткунга алган. Андан бери барымтадагылардын жарымынан көбү коё берилди же набыт болду.