ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Агенттик айдоочулук күбөлүк алып берем деген шылуундардан сак болууга чакырды

0
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик социалдык тармактардагы күбөлүктү сынаксыз эле алып берүү боюнча жарыялар чындыкка дал келбей турганын жана жарандарды мындан этият болууга чакырды.


Мекеменин басма сөз кызматы 12-январда билдиргендей, айдоочулук күбөлүк автомектепте окуп, бардык сынактарды тапшыргандан кийин гана берилет.


“Бул процесс мыйзам тарабынан катуу көзөмөлгө алынган жана сынактарды тапшырбастан айдоочулук күбөлүктү алуунун башкача жолдору жок. Бардык жарандарды көңүл бурууга чакырабыз, ушул өңдүү ушактарга ишенбеңиз. Шектүү сунуштар пайда болгон учурда, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыз”, - деп жазылган мекеменин маалыматында.


Агенттик жалган документти пайдалануу үчүн оор чаралар каралганын эскерткен.


Мекеме буга чейин айдоочулук күбөлүк үчүн сынактарды көзөмөлдөө күчөтүлүп жатканын, бул процессин жүрүшүн онлайн режимде байкоо мүмкүнчүлүгү Ош жана Бишкек шаарларында киргизилгенин билдирген.




Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупция тыйылбай жатканын 1-октябрда агенттиктин мурдагы директору Руслан Жокоев кармалгандан кийин берген маегинде айткан.


Анын алдында Улуттук коопсуздук комитети “Унаа” ишканасынын бир нече кызматкери пара алууга шектелип кармалганын, “агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналганын” билдирген.


Рустам Жокоевдин жана кармалган башка кызматкерлердин жакындары, адвокаттары комментарий берген эмес. (TAb)