Чехияда ресторанда жарылуу болуп, алты адам каза тапты
11-январда Чехиянын түндүк-батышындагы Мост шаарындагы ресторандардын биринде жарылуу болду. Reuters агенттиги алты адам каза болуп, сегиз адам жарадар болгонун жазды.
Басылманын маалыматына караганда жарылуу 11-январдын кечинде болгон. Өлкөнүн ички иштер министри Вит Ракусан Чех радиосуна өрткө ресторандын короосунда оодарылып кеткен пропан-бутан жылыткычы себеп болушу мүмкүн экендигин билдирди. Маалымат каражаттары бул версияны окуянын күбөлөрү ырастаганын жазышты.
BILD басылмасы жардыруу U Kojota ресторанынын имаратында болгонун жазды. Басылманын маалыматында, жабыркаган сегиз адамдын ичинен алты бейтаптын абалы оор. Алар Прагадагы ооруканага жеткирилген. Полиция окуянын себебин териштире баштады.
Жардыруу болгон учурда ресторанда 20га жакын кардар болгон. Алар жана ресторандын жанындагы башка имараттардан 30га жакын адам эвакуацияланган. Куткаруучулар бир кардарды дааратканада камалып калган жеринен алып чыгышкан. Бейтаптын абалы оор деп сыпатталууда. (AiA)