ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамптын кылмыш ишин караган атайын прокурор кызматтан кетти

0
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын федералдык кылмыш ишин иликтеген атайын прокурор Жэк Смит кызматтан кетти. Бул тууралуу ал ачык жарыялаган жок, анын кызматтан кеткени тууралуу билдирүү ишембиде сотко жолдонгон документтердин арасында бардыгы кабарланды. Анда Сммт соттон иликтөө тууралуу отчетту ачыкка чыгарууга салынган тыюуну алып салууну суранган.



Дональд Трампка каршы иш ал президенттик кызматтан кеткенден кийин, 2021-жылы козголгон. Анын бири жашыруун документтерди сактоо мыйзамдарынын бузулушу болсо, экинчи иш Трамптын 2021-жылы 6-январдагы массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон. Ал күнү Трамп тарапкерлери менен чогуу Конгресстин президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүсүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн Капитолийге кирип барган.



Трампка айып тагылганы менен сот жараяндары башталган эмес. Башында бул Жогорку соттун президент кызматтык милдетин аткарган учурундагы иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керектигине негизделген токтомунан улам жылып келген. Смит Трамптын 2021-жылдын 6-январындагы окуяларда жеке жаран катары аракеттенгенин белгилеп, ишти сотко жеткирүүгө даяр болгону менен былтыр 5-ноябрда президенттик шайлоодо Трамп жеңип чыккандан кийин андан баш тарткан.



Смит өзү сотторго кайрылып, айыптоо корутундуларын артка чакыртып алган. Ошол эле учурда ал бул айыптоолорду мурдагыдай эле негиздүү деп санарын, бирок аракеттеги президентти куугунтуктоо мүмкүн эместигин билдирген.



Дональд Трамп өзүнө коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп атап, четке каккан.



Трамп Нью-Йорк шаарында башка, Смитке тиешеси жок кылмыш иши - шайлоо штабынан мыйзамсыз төлөнгөн акча боюнча соттолгон. Сот аны жазадан бошоткон, бирок Трамп сот тарабынан кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылган жана соттолгон алгачкы президент болуп калат.



Мурдагы Югославия боюнча Гаагадагы эл аралык трибуналдын прокурорлорунун бири - Смиттин кызматтан кетүүсү күтүлүп жаткан. Трамп ага чейин эле президенттик кызматка кирери менен Юстиция министрлигинен кетирерин жарыя кылган.



Юстиция министрлиги Дональд Трамптын кылмыш ишин иликтөө тууралуу Жэк Смит даярдаган отчетту 20-январга - Трамптын инаугурациясына чейин жарыялайбы жокпу же азырынча белгисиз.