ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

АКШ Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” ишканасына санкция салды

0
АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салды. Эки ишкана тең Бишкектин 8-кичи районунда бир даректе катталган.


Санкцияга Орусиянын “Газпром нефть” жана “Сургутнефтегаз” компанияларынын 20га жакын туунду ишканалары илинди.


“Газпром нефть Азияны” Кыргызстандын мурдагы финансы министри Болот Абилдаев 2006-жылдан бери жетектейт. Ал андан тышкары “Газпром Кыргызстан” ишканасын да башкарат.


Юстиция министрлигинин сайтында “Мунай мырза” ишканасынын жетекчиси катары Абдукаримова Айнура Алайчиевна көрсөтүлгөн.




“Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына 2014-жылы символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” деп аталып калган. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектеги жаңы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн.


АКШнын Орусияга санкциялардын жаңы пакетинин киргизилиши өткөн жылдын декабрынан бери күтүлүп жаткан. Чектөөлөр Орусиянын энергетика тармагына каршы эң катаал чаралар катары сыпатталган жана орус мунай экспортуна олуттуу сокку урушу мүмкүн. (BTo)