ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү сунушталды

0
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды (парилка) салууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.


Документтин маалымкат-негиздемесинде Ысык-Көлдүн жээгинде инфраструктураны өнүктүрүү туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн гана эмес, бул региондун экономикалык өсүшү үчүн да маанилүү экени жазылган. Жаңы объекттер салынса республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык да көп түшөрү белгиленген.


“Туристтердин көпчүлүгү убактысын жээктеги аймактарда, тактап айтканда парк-пляждык аймактарда өткөрүүнү каалашарын эске алуу менен аймактын жагымдуулугун андан ары жогорулатуу үчүн курорттук-рекреациялык инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Мындай өнүгүүнүн маанилүү элементтери пирстер, пирстик мончо комплекстери, бар текчелери жана коомдук дааратканалар сыяктуу объектилерди түзүү жана жабдуу”, - деп айтылат токтомдо.




Социалдык тармактарда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин демилгеси кайчы пикирлерди жаратты. Айрымдар бул Ысык-Көлдүн экологиясына зыянын тийгизерин жазып жатышат.


Кыргызстанда 2016-жылы көл үстүнө же ага жакын жерге мончо курууга тыюу салынган.


1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чарчы чакырым аянтты ээлейт. “Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.


Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суу көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)