ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Абхазиядан, Армениядан келген автоунаалар алты ай ичинде мыйзамдаштырылат

0
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунаага байланыштуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Министрлер кабинети эки айдын ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.


Мамлекет башчынын 2024-жылдын 31-декабрында кол койгон жарлыгына ылайык, биринчи кезекте документи бар автоунаа мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааны башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.




Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.


Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.


Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаа Кыргызстанда катталбайт. (BTo)