ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

ИИМ "апасын өлтүргөн" деп издөөдө жүргөн адамга жасалма паспорт берилгенин билдирди

0
Ички иштер министрлиги (ИИМ) "апасын өлтүргөн" деп шек саналып, издөөдө жүргөн адамга жасалма паспорт берилип, ал Орусияга качып кеткенин, бул өлкөдө да адам өлтүрүүгө айыпталып соттолгонун билдирди.


Мекеменин маалыматына ылайык, 2008-жылы Чүйдүн Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө киши өлтүрүү фактысы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерден 46 жаштагы аялдын (2008-жылкы убакыт боюнча) сөөгү табылган. Бул кылмыш ишине байланыштуу анын азыр 40 жаштагы уулу шек саналып жатат.


Ага издөө жарыяланып, бирок жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбой, чет өлкөгө качып кеткен. 16 жылдан кийин гана оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Р.Б. 2012-жылы башка жарандын атына (1981-жылы туулган И.А. атына) жаңы паспорт алганы аныкталган.




2012-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн айрым кызматкерлери адамдын атын өзгөртүп, Кыргызстандын жаранынын паспортун (1981-жылы туулган И.А.) мыйзамсыз беришкени аныкталган. Текшерүүдө мындай сериядагы паспорт мурда башка жаранга берилгени белгилүү болгон. 1994-жылкы үлгүдөгү мурда жок кылынган паспортту паспорттук-визалык жана каттоо иши бөлүмүнүн кызмат адамдары экинчи жолу пайдаланышкан. Башкача айтканда, документ энесин өлтүргөн деп шек саналып издөөдө жүргөн адамга жаңы паспорт катары берилгени такталган.


Ал 2022-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 27 жаштагы кызды "сабап өлтүргөн" деген айып менен соттолуп, ушул тапта жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон.


Шектүү 2022-жылы Кыргызстанга келип, 2012-жылы алган паспортунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайра жаңы документ алып, паспортун алмаштырып кеткен.


Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.


Документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз паспорт берүү фактылары боюнча Талас облусунун райондорунун биринин (азыркы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси) паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы жана азыркы кызматкерлери алынып келинип, териштирүү иштери жүрүүдө. (BTo)