Соцтармактагы билдирүүсү үчүн кармалган жаран боюнча өкүм чыкты
Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Айтилек Орозбековго 9-январда өкүм чыгарып, 70 миң сом айып салды. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Орозбеков Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылды, акча мамлекеттин эсебине чегерилет. Ошондой эле бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал сот залынан бошотулду.
Азырынча Айтилек Орозбеков жана анык адвокаты соттун чечими тууралуу комментарий бере элек.
Айтилек Орозбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 2-ноябрда кармаганын анын адвокаты Исмаил Каримжанов “Азаттыкка” билдирген. Ал активист коюлган айыпты мойнуна албай турганын жана “эч кандай чакырык кылган эмесмин” деп айтканын кабарлаган.
Өзүн Орозбековдун досу катары тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам ал TikTok социалдык түйүнүндөгү видеого байланыштуу кармалганын айткан. TikTok Кыргызстанда былтыр апрелде бөгөттөлгөн.
Атайын кызмат Орозбековго коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берген эмес.
Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы болуп иштеген.
Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен кармалган же камакка алынган окуялар буга чейин да катталган. (MKt)