ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ЖК депутаты Молдобекованын кеңешчиси үй камагына чыгарылды

0
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын Р.А.Р. аттуу кеңешчиси 2024-жылы 30-декабрда үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Биринчи май райондук сотунан билдиришти.


Мекеме маалымдагандай, шектүү кайсы жаран экени аныкталды, туруктуу жашаган жери такталды, ал шектелип жаткан кылмыш анча оор эмес деп эсептелет. Сот аталган жаранды үй камагына чыгарууда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине ("Камакка алуу") таянган.


Козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 21-январга белгиленген.




Депутаттын кеңешчисин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 13-сентябрда кармаган. Ал алдамчылыкка жана расмий документтерди жасалмалоого шектелип кармалганы белгиленген.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документ жана өзү жөнүндө жалган маалымат бергени, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөнү аныктаган.


Ага чейин Молдобекованын иш бөлмөсү тинтилип жатканы тууралуу видео жарыяланып, айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын күч органдары депутаттын эки жардамчысын кармап кеткенин жазышкан.


Гүлкан Молдобекова парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынганы тууралуу маалыматка байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берген. Ал өзү Өзбекстанда иш сапарда экенин белгилеп, тинтүү кеңешчисине байланыштуу жүргүзүлгөнүн айткан. Депутат кеңешчиси документ жасалмалоого байланыштуу кармалган болушу мүмкүн экенин билдирген. (MKt)