Армения өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды
Армениянын өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. «Азаттыктын» армян кызматы («Азатутюн») кабарлагандай, чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Долбоордо «Армения Евробиримдикке мүчөлүк боюнча жараянды баштаганын жарыялай» тургандыгы айтылат. Тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын айтымында, документ парламенттин кароосуна жарандык демилге катары берилген, эми өкмөт мыйзамда белгиленген тартипке ылайык өз позициясын билдириши керек.
«Европа биримдиги Армениядагы демократияны колдоорун, коопсуздукту камсыздоого даярдыгын бир нече жолу билдирип, иш жүзүндө буга катышкан. Шаркет ошондой эле Армениянын экономикалык туруктуулугун колдоого даярдыгын да айткан», - деп белгиледи министр.
Маалыматка караганда, кабинеттин жыйынында премьер-министр Никол Пашинян өлкөнүн биримдикке кошулуусу элдик референдумда гана чечилүүгө тийиш деп айтты. Ага чейин «жол картасы» иштелип чыгышы керек.
2023-жылы октябрда Европарламентте сүйлөгөндө, Пашинян блокко кирүү ыктымалдыгы активдүү талкууланып жатканын билдирген. Бир нече айдан кийин Европарламент Еревандын Брюссель менен кызматташуусун колдоого чакырган резолюция кабыл алган.
Армения Кыргызстан да мүчө болгон, Орусия үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирет.
2024-жылдын башында Пашинян Ереван ЖККУнун ишмердигине катышууну токтоторун билдирген. Ал эми 4-декабрда премьер парламентте жасаган билдирүүсүндө Еревандын ЖККУга кайтуусу мүмкүн болбой калганын айткан.
Пашинян Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Өз кезегинде, Москва Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.