ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Аба ырайына байланыштуу тик учактардын жана учактардын учуусуна чектөө киргизилди

0
Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 6, 7 жана 8-январда Төө-Ашуу жана Суусамыр ашуулары тик учактардын учуусуна жабык болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 6-январда кабарлаганы боюнча, Жалал-Абад жана Ош облустарында туман жана төмөн булуттардан улам тик учактардын учуусу убактылуу токтотулат.



Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам 6-январда саат 07:50дөн тартып "Ош" эл аралык аэропортунда учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Буга Ош шаарында туман түшкөнү негиз берген.


Маалыматка ылайык, 9-10-январь күндөрү күн ачылып, учуулар кайра жанданат.


Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот.(ZKo)