ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкектеги Манастын айкели турган жер оңдолот

0
Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар бузулуп, кайрадан толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.



Анын маалыматына караганда, Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган.




Басма сөз катчысы постунда 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо иштери жүргөнүн эскертип, ошол кезде эстеликтин алдын гидроизоляциялоо талаптагыдай аткарылбаганын белгиледи. Натыйжада бул эстеликтин алдындагы конструкциянын бузулушуна алып келген.



Алагөзов ошондой эле Тарых музейин реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом жана Түркия тараптан 15 млн доллар грант берилгенин да белгилеп, эмки оңдоо иштери жүргүзүлгөн учурда бул кемчиликтер толугу менен жоюларын билдирди.



Оңдоо иштери январдын ортосунда башталары күтүлүүдө.






Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтына Манастын айкели мурдагы “Эркиндик” айкелинин ордуна 2011-жылы тургузулган. Айкелдин бийиктиги 17 метр 55 сантиметр.



Айкелди тургузууга 17 миллион сом сарпталып, аны бедизчи Базарбай Садыков жасаган. (ZKo)