ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Чүйдө жана Жалал-Абадда жер титиреди

0
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-январь, саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жана Чүй облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин сезилген.




Чүй облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылында жана Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Төш-Булак айылында 2,5 баллга чейин чейин сезилген.


Баштапкы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Күчү очогунда 3,5 баллдык жер силкинүү былтыр 20-ноябрда жана 22-ноябрда кыргыз-тажик чек арасында катталган. (ErN)