ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери Сирияга барды

0
Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери Анналена Бербок менен Жан-Ноэл Барро Дамаскка барып, Сириянын жаңы де-факто лидери Ахмед аль-Шараа (Абу Мухаммед ал-Жулани) менен жолугушту. Бербок менен Барро Сирияны 25 жыл башкарган Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин бул өлкөгө барган Евробиримдиктен алгачкы министрлери.


Алардын сапары шаркеттин атынан жаңы лидерлерди таанууга ачыктыгын билдирип, аларды адам укуктарын, анын ичинде азчылыктардын укуктарын коргоого жана бийликтин тынч өткөрүүгө чакырууга багытталган.


Министрлер Шараа менен Дамасктагы Элдик сарайда жолугушту. Бирок алардын эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу маалымат айтыла элек.


Сириянын жаңы жетекчилиги араб мамлекеттерин жана эл аралык коомчулукту азчылыктардын укуктары корголот ишендирүүгө аракет кылууда.




Батыш мамлекеттери акырындан Шараа жана ал жетектеген "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу менен байланыштарды түзө баштады. Бул уюм АКШ, Евробиримдик жана башка бир катар мамлекеттерде террордук деп саналат. Учурда аны "кара тизмеден" чыгаруу тууралуу талкуулар жүрүүдө.


"Биз "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун идеологиясы каяктан чыкканын, буга чейин эмне иштерди жасаганын билебиз", -деди Бербок Сирияга сапарын утурлай. Ал ошондой эле алакалар аймактагы радикал топтор жана экстремизм жок кылынганда гана жандана турганын баса белгиледи.


Барро Дамаскта 2012-жылдан бери жабык турган Франциянын элчилигине барды. Ал Париж дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүүнүн үстүнөн иштерин айтты. Министрлер ошондой эле Сириядагы Седная түрмөсүнө барышты.