ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Түштүк Кореяда кызматтан четтетилген президентти камакка алуу аракети ишке ашпады

0
Түштүк Кореяда кызматтан четтетилген президент Юн Сок Ёлду камакка алууга барган тергөөчүлөр менен полиция кызматкерлеринин аракети ишке ашпады. Соттун ордери менен келген тергөө тобу менен президенттин тарапташтары 3-январь күнү алты саат бою тирешип, акыры аны камакка алуу операциясын токтотууга мажбур болушту.


Президенттин коопсуздук кызматы менен аны колдоого келген тарапташтары бул аракетти мыйзамдан аша чабуу катары сыпатташкан. Юн Сок Ёл резиденциясынын алдына чогулган тарапташтарына карата жаңы жылдык кайрылуусунда “антимамлекеттик күчтөргө” каршы аягына чейин күрөшөрүн билдирген. Президенттик резиденциянын алдында бир нече күндөн бери чогулуп турган анын тарапташтары бул күндү жеңиш катары баалашкан.


Оппозициялык күчтөр болсо парламент президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялагандан кийин өлкө жетекчилигинин милдетин аткарып жаткан премьер-министрдин орун басары Чхве Сан Мокту президенттин коопсуздук кызматынын иш-аракеттерин токтотууга аракеттенүүгө чакырып, учурдагы абалды жөнгө салуу жоопкерчилиги анын мойнунда экенин эскертишкен.


Тергөө тобу президентти камакка алуу мүмкүн эмес экенин, кырдаалды талдап чыккандан кийин кандайдыр бир кадамдары анык болорун билдирди.


31-декабрь күнү Сеулдун соту импичмент менен кызматтан четтетилген президент Юн Сок Ёлду камакка алууга ордер берген. Буга анын суракка келүүдөн баш тартканы себеп болгон.


Юн Сок Ёл өткөн жылдын 3-декабрында Түштүк Кореяда аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.


Курч тирешүүлөрдөн кийин парламенттеги оппозициялык күчтөр аскердик абалды жокко чыгарууга жетишкен. Арадан бир аз убакыт өткөн соң, 14-декабрда президентке импичмент жарыяланып, анын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.


Конституциялык сот 180 күндүн ичинде аны кызматынан биротоло ажыратууну же ыйгарым укуктарын калыбына келтирүүнү чечүүгө тийиш. Учурда Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. (KbA)