АКШ: Жаңы Орлеандагы теракт, Лас-Вегастагы жарылуу
АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы 15 кишинин өмүрүн алган кол салууну Федералдык иликтөө бюросу теракт деп иликтеп баштады. 1-январда көчөдө жаңы жыл тоскону чогулгандарды машинеси менен тебелеп, кийин туш келди ок чыгарган адамдын тек-жайы аныкталды. Ушул эле күнү Лас-Вегастагы Trump International мейманканасынын алдында Тесланын жүк ташуучу автоуунасы жарылып, бир киши набыт болду. Полиция кандуу эки окуянын ортосунда байланыш бар-жогун иликтеп жатат.