Өзбекстанда энергетикалык кризистен жабыркаганын айткан жаран камалды
26-декабрда Ташкент шаарынын Бектемир райондук соту жергиликтүү тургун Гайрат Дустовду 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы укук коргоочу Абдурахман Ташановго шилтеме берип жазды.
Өткөн жылдын 23-декабрында Ташкенттин Бектемир районундагы май куйган бекеттердин биринде кезекте турган 47 жаштагы Гайрат Дустов кырдаалга нааразы экенин айткан видео социалдык тармактарга тараган. Ал автобус айдап, үй-бүлөсүн, майып жакынын баккандыктан май куюучу жайларга киргизилген чектөөлөр анын ишине залакасын тийгизгенин айткан.
"Өзбекстан кедей мамлекет эмес! Бизде жер астындагы жана үстүндөгү ресурстар жетиштүү! Эркин жашайлычы. Эмне үчүн бизди ушинтип кыйнап жатасыңар? Автоматты алып атып салсаң жакшы болот эле!” - деген Дустов ал видеодо.
"Азаттыктын" өзбек кызматы 26-декабрда сот Гайрат Дустовду "Административдик жоопкерчилик" боюнча кодекстин 183-беренесинде каралган "майда бейбаштык" боюнча күнөөлүү деп тапканын жазды. Иштин материалдарында ал май куюучу жайдын кызматкерлери менен урушуп, коомдук тартипти бузганы белгиленген. Анын үстүнөн май куюучу жайдын кызматкери арыз жазган.
Айдоочунун камакка алынышы социалдык тармактарда жаңы жыл түнү кызуу талкууга айланды. Активисттер менен социалдык тармактардын колдонуучулары өзбек бийлигинин энергетика маселесин чечкендин ордуна нааразы болгон жаранды камакка алууну туура көргөн чечимин сындап жатат. Алар Дустовдун бошотулушун талап кылып, анын үй-бүлөсүнө акчалай жардам чогулта баштады.
Коңшу өлкөнүн бийлиги азырынча Дустовдун иши тууралуу маалымат жана социалдык тармактардагы нааразылык акцияларына жооп бере элек. (AiA)