ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Камчыбек Ташиев эки жылда коррупцияны толук жок кылуу аракети көрүлөрүн билдирди

0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы эки жылда коррупцияга каршы күрөш күчөп, жемкорлукту толугу менен жоюуга аракет кылынарын билдирди. Бул тууралуу ал 1-январдын кечинде Фейсбуктагы баракчасынан тараткан билдирүүсүндө айтып, коррупцияга каршы чараны катаалдаткан мыйзам күчүнө киргенин, мындан ары жемкорлукка айыпталып камалгандарды абактан айыппул менен бошотууга тыюу салынганын жана алардын жакындарын да мамлекеттик кызматка кабыл албоо сыяктуу катуу чаралар камтылганын маалымдады.


Ташиев укук коргоо органдарында жана сот системасында иштеген кызматкерлерге да кайрылып, жарандарды негизсиз күнөөлөгөндөргө же чагым уюштургандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.


“Мындан ары ким күнөөсүз жаранды күнөөлөп, артынан түшүп чара көрүүгө аракет кылса, биз ага мыйзам чегинде катуу жазаларды беребиз. Урматтуу кызматкерлер, ошол адамдарга жалаа жаап, артынан түшүп, жок жерден күнөөлүү кылып алып келген жыйынтыгыңардын бизге кереги жок. Муну Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы жана укук коргоо органдарынын куратору катары айтып коёюн”, - деген Ташиев.




Президент Садыр Жапаров УКМК демилгелеген коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгону 31-декабрда маалым болду.


Мыйзамда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.


Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек болот. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.