ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Франция Сириядагы "Ислам мамлекети" тобуна караштуу жайларга сокку урду

0
Франция Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна караштуу жайларга сокку урду. Бул тууралуу коргоо министри Себастьян Лекорню билдирди. Анын айтуусуна караганда, операция 29-декабрда жүргүзүлгөн.


Франциянын алдында Кошмо Штаттар дагы "Ислам мамлекети" радикал тобунун жайларына сокку урган. Вашингтон билдиргендей, анын жыйынтыгында бир нече согушкердин өмүрү кыйылган.




Reuters агенттиги жазгандай, Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин Сириянын саясий келечеги бүдөмүк болуп турат. Асаддын режими "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму (АКШда жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган) баш болгон козголоңчу топтордун чабуулунун натыйжасындакыйраган. 


Буга чейин Кошмо Штаттар Сириядагы саясий башаламандыктан пайдаланып "Ислам мамлекети" радикал уюмунун жоочулары баш көтөрүшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.