ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Президент репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду

0
Президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.


Документти парламент быйыл 27-июнда колдогон. Анда 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.


Долбоорду президент Садыр Жапаров артка кайтарган. Мамлекет башчы өз негиздемесинде мыйзам долбоорунда документтин кабыл алынышына кошумча каражат талап кылынбайт деп жазылганы менен, Кыргызстандын аймагында 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандар үчүн моралдык кенемте жана ай сайын мамлекеттик кепилдик төлөмдөр төлөнүшү каралганын белгилеген.


Ушундан улам мыйзамдын макулдашылган варианты иштелип чыккан.


1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.


Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Бирок алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келди. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана белгилүү болгон.


Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. (BTo)