ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

“Социнтерн” Темирлан Султанбековду саясий туткун деп жарыялады

0

Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан лидери Темирлан Султанбеков аны “Социнтерн” эл аралык бирикмеси саясий туткун деп жарыялаганын билдирди. Мындай резолюция бирикменин Марокконун борбору Рабат шаарында өткөн жыйынында кабыл алынганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрдан бери ачкачылык кармап жатат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

26 жаштагы Темирлан Султанбеков - “Социнтерн” эл аралык бирикменин эң жаш вице-президенти. Ал 2016-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясына (КСДП) мүчө болгон. 2021-жылы бул партиянын төрагалыгына шайланган.

“Социнтерн” - бул дүйнөдөгү социал-демократиялык багыттагы партиялардын эл аралык уюму. Ушул тапта анын жетекчиси - Испаниянын премьер-министри Педро Санчес. (BTo)