Министр Сириядан кыргыз жарандарын алып келүү иши аяктап калганын айтты
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 30-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Сириядан Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу иши аяктап калганын билдирди.
Ал мекенине кайтуу боюнча арыз бергендердин баары алынып келгенин, Сириянын жаңы бийлиги менен азырынча байланыш жок экенин кошумчалады.
Ушул жылдын февраль айындагы маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден баш-аягы Кыргызстандын 432 жараны алынып келген. Алардын 303ү балдар, калган 129у аялдар.
Соңку ирет 2024-жылдын 19-июлунда “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны Кыргызстанга алып келинген. Алардын 8и аял жана 14ү балдар. Ага чейин майда “Айкөл - 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын лагерлеринен 99 киши, анын ичинен 71 бала, 28 аял Кыргызстанга кайтарылган. Алар кыргызстандык кыз-келиндер жана алардын ошол жакта төрөлгөн балдары.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.
Андан бери Сириядагы кыргызстандыктардын саны боюнча расмий маалымат жок. (BTo/TSh)