ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Аба ырайы: айрым жерлерде кар жаайт

0
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-декабрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.


Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;



Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6.



Бишкек шаарында түнү жана күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы 0…+2°, күндүз 4…6° жылуу болот.