"Кооптуу чектен ашып кетти". Өкмөт өкүлдөрү ыш азайганын, жашоочулар демигип жатканын айтууда
24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен.