Түркияда зилзалада ураган мейманкананын ээси жана архитектору абакка кесилди
AFP агенттигинин маалыматына караганда, Түркиянын соту шаршембиде былтыркы жер титирөө маалында урап калган мейманкананын ээсин жана архитекторун 18 жарым жылга кести.
Зилзала учурунда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Адыяман шаарында жайгашкан Grand Isias Hotel мейманканасында каза тапкан 72 кишинин 26сы Түндүк Кипрдан келген окуучулардын волейбол командасынын мүчөлөрү болчу.
Сот мейманкананын кожоюну Ахмет Бозкуртту жана анын уулу, архитектор Мехмет Фатих Бозкуртту “бир нече кишинин өлүмүнө же жарадар болушуна алып келген шалаакылык” үчүн ар бирин 18 жарым жылдан эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Анадолу“ агенттиги маалымдады.
Мейманкана урагандан кийин өкмөт керектүү уруксаты жок эле имараттарды курууга жол бергени үчүн катуу сынга кабылган.
2023-жылы февралда болгон катуу жер титирөө Түркияда 55 мин кишинин өмүрүн алган.