ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Кыргызстанда 800дөн ашык курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

0
Кыргызстанда 800дөн ашык курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду. Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 25-декабрдагы басма сөз жыйынында айтты.


“Лицензияны колдон колго сатуу дагы деле токтой элек. Биз алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Лицензия алуунун жолдору абдан жеңилдетилген, азыр ал үчүн алты гана документ талап кылынат. Ошондуктан Мамкурулуштан эле келип, түз алган туура болот. Андан тышкары биз башка өлкөлөрдөн келип, Кыргызстанда курулуш ишин жүргүзүп аткан чет элдик компаниялардын өз өлкөсүндө алган лицензияларын таанып атабыз. Муну менен биз инвестициялык климатты жакшыртып, жеңил иштөөгө жол ачуудабыз”, - деди Орунтаев.



Агенттиктин башчысы тактагандай, курулуш тармагына берилчү лицензиялардын расмий баасы учурда 150 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин турат.


Нурдан Орунтаев 5-августтагы билдирүүсүндө Кыргызстанда баш-аягы 7 миңдей ишканага лицензия берилгенин, ушул тапта мунун 2 миңи гана иштей турганын маалымдаган. Ал лицензия алып, бирок иштебей отурган же уруксат кагаздарын башкаларга сатуу менен алектенген компаниялардын лицензиясы токтотулуп баштаганын айткан. Орунтаев августтагы маалыматында 500 лицензия алынганын билдирген.


Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин тиешелүү уруксат документтери жок турак жайларды, ар кандай имараттарды салып алган компаниялар бар. Алардын көбүндө адамдар жашап жатат. Буга байланыштуу аларды мыйзамдаштырууда маселелер жаралган. (ErN\KS)