ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Бириккен Араб Эмирликтеринде беш өзбек жараны экстремизмге шектелүүдө

0
Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) ноябрь айынын соңунда кармалган Өзбекстандын беш жаранына карата кылмыш иши козголду. Kun.uz басылмасы Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине таянып жазгандай, алардын ар бири экстремизмге байланыштуу кылмыштар үчүн айыпталууда.


"Бул беш кишинин израилдик раввинди өлтүрүүгө шектелип жаткан үч өзбекстандык менен байланышы жок. Алар боюнча тергөө иши өз алдынча жүрүүдө. Бул иш боюнча БАЭнин аймагында эки өлкөнүн атайын кызматтары биргелешип кызматташууда", - деген министрликтин ысымын ачык жарыялагысы келбеген өкүлү.


Маалыматка караганда, Араб Эмирликтеринин тиешелүү органдары өзбек дипломаттарына кармалгандар менен байланышууга шарт түзүп берген.




Ноябрдын соңунда бир нече убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан, Израилдин жана Молдованын жараны, раввин Цви Когандын сөөгү табылган. Ал 2020-жылдан бери БАЭде жашачу, иудейлердин жергиликтүү диний "Хабад Любавич" ортодокс кыймылынын өкүлү болгон.


Когандын өлүмүнө байланыштуу Өзбекстандын үч жараны - 33 жаштагы Азизбек Камилович, 28 жаштагы Олимбой Тохирович менен Махмужон Абдурахим кармалганы белгилүү болгон.