ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

АКШ элчилиги медиага каржылык жардам кыргыз өкмөтү үчүн маанилүү экенин билдирди

0
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү уюмдар менен кызматташып, каржылык колдоо көрсөтүп келе жатканына сыймыктанарын билдирди.


Элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына 23-декабрда жарыяланган билдирүүдө журналистика тармагын да колдоого алып, фактчекинг, кыргыз тилдүү журналистиканы колдоо, мыйзам бузууларды жана коррупцияны ачкан иликтөөчү журналистиканы каржылоого багытталганы тууралуу жазылган.



"Коомдун күзөтчүсү катары кызмат кылган көз карандысыз медиа каражаттары жарандардын көйгөйлөрүнө натыйжалуу жооп берүү жана коррупция менен күрөшүүдө ар бир өкмөт үчүн маанилүү. Биз адилеттүү, коопсуз жана гүлдөгөн Кыргызстан үчүн кыргыз өкмөтү менен кызматташып, бардык программаларыбызды бирге ишке ашырып келебиз", - деп жазылган анда.




АКШ элчилигинин бул билдирүүсү президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайда бир катар көз карандысыз медиа уюмдарын "Батыштан каржыланат" деп сындагандан кийинки учурга туш келди.



Мамлекет башчы курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап, "ушак-айыңды сөз эркиндиги менен алмаштырбоого чакырган.



Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.




Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.



Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.



11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылып, алар коюлган кинени четке кагышкан.



Социалдык тармактарда өзүнүн пикирин жазганы үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар же тергөө абагында отургандар да бар. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган.(ZKo)