ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Сот журналист Гүлжан Шерипбаеваны актады

0
Бишкектин Биринчи май райондук соту Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеваны актаган өкүм чыгарды.


Райондук соттун маалымат кызматы билдиргендей, 23-декабрда Биринчи май райондук соту Шерипбаеванын кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде актаган.


Адвокат Жаныш Бараков маалыматты ырастап, сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Шерипбаевага 200 миң сом айып салууну сунуштаганын, судья аны канааттандырбаганын билдирди.




Гүлжан Шерипбаева 2023-жылы 18-ноябрда 1-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылган.


Журналист өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин жазган. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат берген эмес.


Биринчи май райондук соту ушул эле жылы 20-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.


Гүлжан Шерипбаева кармалганга чейин социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга шек саналып соттолгон Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.


Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет.


“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 50гө чукул адамдын тизмесин аныктаган. (MKt)