ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы болуп дайындалды

0
Президенттин Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы болуп дайындалды.


Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 24-декабрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.


Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеп турган Уларбек Шаршеев да ушул күнү кызматтан бошотулганы маалымдалды. Ал быйыл июлда Казакстандын Астана шаарында өткөн саммитте Шанхай Кызматташтык Уюмунун алдында түзүлгөн Антитеррордук борбордун директорлугуна бекитилген.


51 жаштагы Абдикарим Алимбаев 2021-жылы 5-майдан бери президенттин Баткендеги өкүлү болуп иштеди. Ага чейин Чек ара кызматынын төрагасы жана анын орун басары кызматтарын аркалаган. Бул кызматка Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук борборунун мурдагы директору Айбек Шаменов дайындалды.