Нарында 1 млрд сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Нарын шаарында мурдагы темир-бетон буюмдарын даярдоочу заводго таандык 6,6 гектар жер мамлекетке кайтарылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 23-декабрда кабарлагандай, жер тилкесинин баасы 1 млрд 79 млн сом деп бааланган.
Аталган тилкени 2002-жылы Нарын шаардык мэриясы "Мунара курулуш" акционердик коомуна мыйзамсыз өткөрүп бергени аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 6,6 гектар жер тилкеси Нарын шаарынын балансына өткөрүлүп берилди.
УКМК Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки убактарда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканын кабарлады. (ZKo)