Кармоолор болуп, интернет чектелди. Казакстандагы Эгемендик күнү
16-декабрда Казакстанда Эгемендик күнү белгиленди. Ал күнү полиция күчөтүлгөн тартипте иштеди. Казакстандын бир катар аймактарында активисттер ар кандай беренелер менен кармалып, 5-20 суткага камакка алынды. Дүйшөмбүдө интернеттин ылдамдыгына байланыштуу нааразылыктар да айтылды.