ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ташиев Кыргызстанда Сербиянын эки жараны кармалганын ырастады

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Сербиянын эки жараны кармалганын ырастады.


Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 17-декабрда Бишкекте басма сөз жыйынында журналисттердин Коргоо министринин мурдагы орун басары Эмил Осмоновго байланыштуу иш боюнча суроосуна жооп берип жатып айтты.


Ал бул иш тергелип бүтүп сотко жөнөтүлүп жатканын, ушундан улам айрым маалыматтарды ачык жарыялай берсе болорун билдирди.


“Курал-жарак алуу үчүн бюджеттен 1 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. Бул каражатты коррупциялык жол менен сыртка алып чыгып, күмөндүү келишимдерди түзө башташкан. Бул боюнча Сербиянын эки жана Кыргызстандын да эки жараны камакта жатат. Эмил Осмонов кызматтан алынды. Бул кылмыш ишинде анын да жоопкерчилиги каралат”, - деди ал.


Кыргызстанда Сербиянын эки жараны кармалганын Бишкектин Биринчи май райондук соту да ырастап, бул иш жашыруун экенин билдирген.




 


Буга чейин blic.rs жана radar.nova.rs сыяктуу бир катар Сербиянын маалымат каражаттары Белград университетинин окутуучусу, профессор Александр Симонович жана буга чейин Сербиянын коргонуу тармагындагы ишканаларында жетекчилик кызматтарда иштеген Младен Петкович Кыргызстанда кармалганын жазып чыккан.


Анда эки серб жараны Кыргызстанга иш сапары менен барып, 19-сентябрдан бери дайыны чыкпаганын, кийинчерээк камакка алынганы белгилүү болгонун жазган.


Симоновичтин жубайы Бранка Симонович күйөөсү Кыргызстанга Белград университетинин Механикалык инженерия факультетинин тапшырмасы менен котормочу, эксперт-консультант катары кеткенин айткан. Мындан сырткары ал пара берүүгө шектелип кармалышы мүмкүндүгүн, бирок анын күнөөсү жок экенин билдирген.


Ачык булактардагы маалыматка ылайык, жакынкы мезгилге чейин Александр Симонович Белград университетинде Авиация кафедрасынын башчысы болгон. Мындан тышкары ал университеттин Механикалык инженерия факультетинде сабак берет.


Ал эми Младен Петкович өткөн жылга чейин Сербиядагы коргонуу тармагында иш алып барган эки мамлекеттик ишканада Серб прогрессивдүү партиясынын атынан жетекчилердин бири болуп иштеп турган.


Сербиялык маалымат каражаттары серб Тышкы иштер министрлигинин эки жарандын кармалышынан кабары бар экенин жазышкан. (BTo)