ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ташиев Садыр Жапаров дагы эки жолу президенттикке койгонго укугу бар деп эсептейт

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы беш жылдан эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин койгонго укугу бар деп эсептейт.


Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы 17-декабрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарына коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн каражат тууралуу басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.


“Кийинки Конституция боюнча юридикалык жактан Садыр Нургожоевичтин эки жолу президенттикке койгонго укугу бар. Демек, 2027-жылы бир жолу беш жылдыкка, андан кийин дагы беш жылдыкка койгонго укугу бар. Ошол учурда биз президентибизди колдойбуз. Мен эч качан президенттик шайлоого талапкерлигимди койбойм”, - деди ал.


2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.


Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган. (BTo)