ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Өзүнө кол салган Ташов ооруканадан кайра тергөө абагына кайтарылды

0
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 17-декабрда Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда дарыгерлерге көрсөтүлгөндөн кийин кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына кайтарылды.


Ал тергөө абагында өзүнө кол салып, “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Медицина кызматкерлери менен Жаза аткаруу кызматы ал кандай жаракат алганы тууралуу маалымат бере элек. Жакын тууганы Кумарбек Жоробаев иниси ичин кесип жибергенин айтты.


16-декабрда Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова, иниси Сүйүнбек Ташов жана Кумарбек Жоробаев ишкерди үй камагына чыгарууну суранып, бийликке кайрылышкан.


Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.




30-октябрда ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган. Ал Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеде дарыланып, кийин №1 тергөө абагына которулган.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда.


Имамидин Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.


Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. УКМК Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин, журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. (BTo/MKt)