ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бундестаг канцлер Олаф Шольцко ишеним көрсөткөн жок

0
Германиянын парламенти – Бундестаг канцлер Олаф Шольцко ишеним көрсөткөн жок. Аны 733 депутаттын 207си гана колдоду, 394ү каршы, 116оо калыс калды. Ишенимге ээ болуу үчүн канцлер 367 добуш алышы керек эле.


“Немис толкуну” (Deutsche Welle) телеканалы мындай жыйынтык күтүлгөнүн, саясатчылар 23-февралга эрте шайлоо дайындоону буга чейин эле талкуулашканын жазды.


Шольц добуш берүү алдында депутаттарга жасаган кайрылуусунда “Эркин демократиялык партияны” коалицияны ыдыратканы үчүн айыптады.


Ноябрда Шольц финансы министри, сөз болгон партиянын лидери Кристиан Линднерди бюджет талашынан улам кызматтан алгандан кийин коалиция ыдыраган. Канцлер ишеним көрсөтүү маселесин парламентте колго салууну сунуш кылган.


Эми Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21 күндүн ичинде парламентти таркатууга тийиш.


Сурамжылоолорго караганда, шайлоо кампаниясында алдыда Христиан-демократиялык союзу менен Христиан социалдык союзунун консервативдүү блогу (ХДС/ХСС)  баратат.


Экинчи орунда оңчул популисттердин «Германия үчүн альтернатива» турат. Бирок алар менен коалиция түзүүнү башка саясий күчтөр каалабайт. Шольцтун Социал-демократтар партиясы андан кийинки сапка жайгашкан. Коалиция боюнча өнөктөшү – «Жашылдар» партиясы төртүнчү орунда.


Германияда канцлерге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүү өтө сейрек көрүнүш.