ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Президент Жапаров ГЭСтер курулуп бүтсө энергетикадагы тартыштык жоюларын билдирди

0
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде Кыргызстанда Камбар-Ата-1 баштаган бир нече ири кубаттуулуктагы ГЭСтер курулуп жатканын, алар бүтсө өлкөдө электр тартыштыгы жоюларын билдирди.


Мамлекет башчы белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин кубаттуулугу 1860 МВт, ал ишке кирсе электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат.  




“Бала-Саруу ГЭСи, Кайнама ГЭси, Ысык-Ата ГЭСи, Көк-Арт ГЭСи, Исфайрам ГЭСи, Курак-Тектир ГЭСи, Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилүүдө. Алдыда дагы кубаттуулуктарды көбөйтүүгө чакан ГЭСтерди куруп, ишке киргизүүчү көптөгөн реалдуу долбоорлор бар. Өзүбүздүн чоң ГЭСтерибиз дагы ушул күнгө чейин жаңыртылбаптыр”, - деди Жапаров.


Жапаров учурда Токтогул ГЭСинин агрегаттары жаңыланып жатканын, Үч-Коргон ГЭсин жаңыртуу иштери башталганын белгилеп, жыйынтыгында электр кубаттуулугу көбөйөрүн билдирди. Камбар-Ата-1, Куланак ГЭСтери ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланарын айтты:




“Эң жакынкы келечекте биз электр энергиясын сатып алуучу өлкөдөн, сыртка сатуучу өлкөгө айланабыз. Быйыл гидроэлектростанциялардан сырткары күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланып электр энергиясын өндүрүү үчүн көптөгөн макулдашууларга кол коюп ишти алып барууга жетиштик. Нарын облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулуп жатат”.




Президент учурда электр жарыгын кыска убакытка өчүрүүлөр болуп жатканын ырастап, элди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.


Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр энергиясын колдонуу тарыхый чекке жеткенин билдирип, элди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга үндөгөн.




Ага ылайык, 12-декабрь күнү 3 612 мегаватт электр энергиясы сарпталды, суткалык керектөө 78,931 млн кВт саатка жеткен. Ошол күнү Токтогул суу сактагычында да секундасына 932 метр куб суу иштетилген.



Акыркы күндөрү соцтармактарда электр жарыгы улам өчүп жатканына нааразылыктар айтылып жатат. (ZKo)