ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Кац: Израил аскерлери Сириядагы Голан дөңсөөлөрүндө кыштын соңуна чейин болот

0
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Сириядагы Голан дөңсөөлөрүнүн аймагына киргизилген аскерлерине кыш соңуна чейин калууну буйруду. Бул тууралуу Кацтын кеңсеси 13-декабрда билдирди.


Израил аскерлери Голан дөңсөөлөрүнүн аймагындагы буфердик зонага Сириянын президенти Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин, 50 жылдан бери алгачкы жолу киргизилген. Алар ушул тапта Хермон тоосунун Сирия тарабын да көзөмөлдөп турушат.


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху бул кадамды убактылуу чара катары мүнөздөгөн. Израил бийлигинин бул чечими эл аралык сынга кабылды.


Асаддын бийлиги кулатылгандан бери Израилдин аскердик учактары мурда сириялык өкмөттүк күчтөр жайгашкан жайларга абадан сокку урууну улантып жатат.


Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория билдиргендей, израил учактары 13-декабрга караган түнү Хама аймагындагы курал-жабдык сактаган кампага жана илимий изилдөөлөр борборуна сокку урду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш тынчысыздануусун билдирди.


"Баш катчы Сириянын аймактык бүтүндүгүнүн жана суверенитетинин соңку күндөрдөгү кеңири масштабда бузулуп жатканына тынчсызданууда. Баш катчы өзгөчө Сириянын айрым аймактарына жасалган Израилдин аба соккуларына камтамачылык билдирет жана өлкө боюнча бардык фронттордо чыңалууну төмөндөтүү керек экенине басым жасайт", - деди Гуттериштин маалымат катчысы Стефан Дюжарик.




Соңку бир жумада Израил Сириядагы 300дөй аскердик жайга сокку урганы кабарланды.


Болжолдуу аянты 1800 чарчы чакырымды түзгөн Голан дөңсөөлөрү 1967-жылга чейин Сирияга таандык болчу. Элүү эки жыл мурдагы "Алты күндүк согуштан" кийин Израил бул аймакка көзөмөлүн орноткон.



1981-жылы Тель-Авивде Голан дөңсөөлөрүн Израилдин аймагы деп тааныган мыйзам колдоо тапкан. Бирок Бириккен Улуттар Уюму бул чечимди четке кагып, бир нече жолу Израилди Голан аймагын Сирияга кайтарып берүүгө чакырган.


1974-жылы ал жакта 400 чакырымдык буфердик аймак түзүлүп, Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрү көзөмөлдөп келген.