УКМК төрагасы Темирлан Султанбеков боюнча суроого жооп берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөө абагында шарты начар кармалып турат деп эсептебейт. Бул тууралуу Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Сеидбек Атамбаев парламент жыйынында Темирлан Султанбековдун абалы начарлап жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүн аны менен эрегишпөөгө чакырган. Камчыбек Ташиев Султанбеков мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирди:
“Султанбеков менен эрегишпесек, жаш бала болсо, жаш баладай өзүн алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип жатат. Эгер мамлекетти башкара албасаңар мага бергиле дейт. Ал үчүн өсүшү керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берсин”, - деди Ташиев.
УКМК төрагасы Султанбеков менен кармалган мурдагы депутат Ирина Карамушкинага тергөө абагында басым болуп жатат деген билдирүүнү четке кагып, депутат Сеидбек Атамбаевге жабык жайга барып, анын шарт менен таанышууга чакырды.
Темирлан Султанбеков өзүнүн камалганына нааразылык иретинде ачкачылык кармап жатат. Ал ачкачылыкты Бишкек шаардык милициясы кармаганда эле баштаган.
Жаза аткаруу кызматы 10-декабрда Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан лидери Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартуу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенин билдирди. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады.
“Темирлан Султанбеков №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатат. Мекеменин жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин улантууда”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.
Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.