ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бир нече адвокат Матцаковдун камалышын айыптады

0
Кыргызстанда бир нече жактоочу адвокат Самат Матцаковго кылмыш иши козголуп, анын камакка алынышын айыптап чыгышты. Бул тууралуу 3-декабрда маалымат жыйын өтүп, бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешти.


Жыйында сүйлөгөндөрдүн бири, адвокат Тимур Султанов Матцаков “адвокаттык ишмердигине байланыштуу камакка алынганын, анын мыйзамда кепилденген укуктарынын бузулуп жатышына сот да көңүл бурбаганын” айтууда.


“Бул адвокатты кесиптик ишмердигине байланыштуу кармоо гана эмес, бул кесиптик коомчулукка кол салуу. Кесиптештерим бул иште бузулган мыйзамдык нормаларды санап, адвокаттын ишмердигиндеги мыйзам менен кепилденген укуктарын жана кол тийбестиги тууралуу айтып жатышат. Бул кепилдиктер сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүнү шарттайт. Ошол кепилдиктер мыйзамда жазылган болсо, ал иштеши керек. Анткени адвокат кайсы бир адамды жактап жатканда ошол кепилдиктери иштей турганына ишениши керек. Бирок соңку окуяга карасак, кандай мыйзам бузуулар болгонун айтканыбыз менен сот ага көңүл бурган жок. Бул өтө өкүнүчтүү”, - деди Султанов.


Мунун алдында бир катар укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышын кескин сындаган билдирүү тараткан. Анда бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердүүлүгүнүн эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүп турганын белгилешкен.




Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.


Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырган. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалат. Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") менен иш козголгону сотто маалым болгон.



Ал өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирүүдө. Мекеме бул тууралуу расмий маалымат бере элек.



Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жылга эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун сотто коргойт.